Жаңылыктар
Коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов: Кыргыз армиясы түмөн түйшүк менен түптөлгөн
Кыргызстан жаңылыктары
Коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов: Кыргыз армиясы түмөн түйшүк менен түптөлгөн

23-февралда өлкөдө Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленет. Бул күн 1922-1993-жылдар аралыгында Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз флотунун майрамы катары белгиленип келди. Себеби 1991-жылы СССР ыдырагандан кийин анын курамындагы мурдагы советтик республикалар, анын ичинде Кыргызстан да бул майрамдан баш тарткан. 

Бирок азыр бул дата Кыргызстан, Россия, Беларус жана Тажикстанда гана майрам катары белгиленет. 2003-жылы Кыргызстан бул датаны “Мекен коргоочулар күнү” катары белгилөө үчүн атайын токтом менен кайрадан бекитип, майрам катары белгилей баштаган. Кыргызстанда 23-февраль – “Мекен коргоочулар күнү” катары белгиленгени менен өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн түптөлгөн күнү 29-май деп эсептелет. Анткени КР Куралдуу Күчтөрүн түзүү тууралуу 1992-жылы 29-майда мамлекеттин биринчи президенти Аскар Акаевдин жарлыгы чыккан. Буга карабастан ошол учурдагы өлкөнүн саясий элитасынын басымдуу бөлүгү армияга көңүл кош мамиле кылган. Алар Кыргызстанга эч ким кол салбайт, демек Куралдуу Күчтөрдү толук каржылоонун кажети жок деген көз карашты карманган. Анын кесепетинен армия жетиштүү дээңгелде каржыланбай калган. Бул тоскоолдуктарга карабастан, эгемен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү түптөлгөн. 

Жогорудагы  тарыхый процесстин айрым белгисиз фактылары жөнүндө УТРКнын “Маалымат” студиясынын кабарчысы Алмаз Батилов өлкөнүн коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотовду сөзгө тартты.


КЫРГЫЗ АРМИЯСЫН ТҮПТӨӨ


- 1990-жылдардын башында кыргыз армиясын түптөө жараянына сиз да катышып калсаңыз керек, ошол учурга кандай мүнөздөмө бересиз?

- Ошол учурда Кыргызстандын армиясы материалдык жактан абдан кыйналган. Мындай көрүнүш мурдагы бардык союздук республикалардын куралдуу күчтөрүндө да болгон. Бирок кыргызстандык офицерлер, прапорщиктер жана катардагы жоокерлер аскердик милдетин так аткарды. Алардын кажыбас кайраты үчүн терең таазим кылам.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тарыхында дагы бир белгисиз тарыхый факт бар. Генералдык штабда теги монгол полковник Гэнэн Энвенсар кызмат өтөгөн. Ал Кыргызстандын жараны, билимдүү жана адамгерчилиги мыкты аскердик кызматкер экенин баса белгилеп кетким келет. Андан тышкары кыргыз армиясында армян, азербайжан, дунган, молдован, грузин, казак, славян, тажик, өзбек, уйгур жана корей улутундагы офицерлер аскердик кызматын өтөштү.

Куралдуу күчтөрдүн башкы ыкчам башкармалыгынын башчылыгында теги молдован, маркум полковник Василий Дьяур болгон, ал Башкы штабдын пайдубалын түптөөгө зор салымын кошкон. Анын сөөгү Кыргызстанга коюлган. Улуту дунган, Жети-Өгүз районунун кулуну, полковник Абдрасул Завазиев 23-мото аткычтар полкунун командири болчу, андан соң Панфилов дивизиясынын штабынын жетекчиси болду. Ал жаш кадрларды даярдоого чоң салымын кошту. Теги тажик офицер Гандж Давлатмамадов Коргоо министрлигинин башкармалыгын жетектеген. Азыркы учурда да биздин куралдуу күчтөрдө улуту славян, корей жана башка офицерлер аскердик кызматын өтөөдө.


ТАЖИК-ООГАН ЧЕК АРАСЫН КАЙТАРУУ


1996-1997-жылдары  Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун (ТБАО) Ишкашим районундагы КР  Коргоо министрлигинин мото аткычтар тынчтык орнотуучу батальонунда кызмат өтөпсүз. Ошол маалда кандай  кыйынчылыктар болду?

- 1993-1998-жылдары Тажикстанда жарандык согуш жүрүп жаткан учур болчу. Бул кандуу тирешүүнүн айынан тажик-ооган чек арасы мурдагыдай көзөмөлгө алынбай калган. Дал ушул себептен кылмыш дүйнөсү Тажикстандагы согушту пайдаланды. Уюшкан кылмыш топтору Ооганстандан Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Россия жана Европага баңгизат ташууга жол ачып, мыйзамсыз курал-жарак сатуунун жолун өздөштүрдү. Мындан улам Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен биргелешип тынчтык орнотуучу батальон түзүү өтүнүчү менен Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылды. Уюм биринчи жолу кагылышууга чектеш мамлекеттерден аскердик күчтөрдү түзүүгө уруксат берди. Жогоруда сөз болгон төрт өлкөнүн тынчтык орнотуучу батальондору Тажикстандагы согушту токтотконго чоң салым кошту.

1993-жылы БУУнун берилген мандаты боюнча КР Коргоо министрлигинин мото аткычтар тынчтык орнотуучу батальону   Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун (ТБАО) Ишкашимге кирген. Кыргызстандын батальону Ишкашимде тоонун боорун казып, ташты тизип жер тамдардын ичине заставалар менен казармаларын жайгаштырган. Кыргызстандык чериктер (черик деген сөз байыркы түрк тилинен аскер деп которулат. Мурда кыргыз тилинде ушул мааниде да колдонулчу. Мындан ары текстте бул сөздү колдонобуз – редакция) тажик-ооган чек арасынын токсон жети чакырымын көзөмөлдөгөн. Алар тоодогу “Македон” менен “Казачий” аттуу блокпосторду көзөмөлдөчү. Муну менен кыргызстандык аскерлер Ишкашимде жайгашкан КР тынчтык орнотуучу батальонунун штабын жана орус чек ара отрядынын коопсуздугун камсыздоочу. Алты ай сайын батальондун курамы алмашып турган. Ошол учурда Тажикстандын Памиринде кызмат өтөгөн кыргызстандык чериктерди тамак-аш жана кийим менен камсыздоо канааттандырарлык эмес болчу деп айтсак болот.

1996-жылы күзүндө мен КР Коргоо министрлигинин мото аткычтар тынчтык орнотуучу батальонунун командири болуп дайындалдым. Ошол учурда аскердик наамым капитан болчу. Памирге келген күндүн эртеси жер титиреди. Анын натыйжасында бир казарманы жер басып калып, отуз жоокер жабыркап, бир ага сержант каза болгон. Батальондун катардагы жоокерлеринин басымдуу бөлүгү кыргыз болчу. Офицерлер менен прапорщиктердин арасында теги славяндар бар болчу. Бат эле жергиликтүү эл менен тил табыштык. Карапайым памирликтер менен бир да жолу урушкан жокпуз. Ал жерде Душанбедеги КМШнын жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн штабында КР Коргоо министрлигинин өкүлү, полковник Абдрахим Раджапов менен чогуу аскердик кызматымды өтөдүм. Ал да Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн мыкты офицерлеринин бири. 1997-жылы жазда РФ чек ара кызматынын кол башчысынын оорук (тыл) боюнча орун басары, генерал-полковник Иван Коробка биздин батальонго келген. Буга чейин ал казак жана өзбек тынчтык орнотуучу батальондорунун ишмердүүлүгүн көргөн. Бир жума аны коштоп жүрдүм. Иван Алексеевич тоодогу блокпосттордун күнүмдүк турмушун көрдү.

Генерал Коробка биздин батальон ушундай катаал шартта кызмат өтөп жатканын көрүп абдан таң калган. Ал кыргызстандык аскерлерге жогорку баасын бергени дагы эле эсимде. Мен жетектеген батальонго кол салуулар да болгон. Мындан тышкары биз чек арадан героин ташыган аткезчилерди үч ирет колго түшүргөнбүз.


СЕЛДЕ ОРОНГОН КЫРГЫЗ ЧАЛГЫНЧЫСЫ


- Сиз  эгемен Кыргызстандын аскердик кызматынын башатын түптөгөн ыраматылык полковник  Жумалы Кубатов менен чогуу кызмат кылгансыз. Бул тарыхый инсанга кандай  мүнөздөмө бере аласыз?

- Мен ага лейтенант кезимде Түркияда окугам. Ал жерден келгенден кийин аскердик чалгынчы полковник, маркум Жумалы Кубатов менен тааныштым. Ошол маалда ал подполковник болчу. Жумалы Осмонович чыныгы чекист эле. Кубатов бүт өмүрүн аскердик контрчалгын жана чалгын кызматына арнаган. Анын табиятынан бүткөн таланты, тубаса шык-жөндөмү – чалгынчылык эле десем болот. 1993-жылдын башында Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы КР Коргоо министрлигинин мото аткычтар тынчтык орнотуучу батальонунун төрт жоокерин Бириккен тажик оппозициясынын (БТО) согушкерлери туткунга түшүргөн.

 Согушкерлер кыргызстандык чериктерди Түндүк Ооганстанга өткөрүп жиберишет. Бул туткундарды бошотууда Жумалы Осмонович зор роль ойногон деген пикирлерди ошол процесске күбө болгон инсандардан уккам. Мындан сырткары ал селде оронуп, Түндүк Ооганстанга өтүп, өмүрүн нечен ирет тобокелге салып, Кыргызстан үчүн баа жеткис маалыматтарды топтогону тууралуу да эшиткем. Кубатовдон кийин контрчалгын жана чалгын кызматында мынчалык дасыккан адис көргөн жокмун.


 ТАЛАА КОМАНДИРИ МЕНЕН КӨЗМӨ-КӨЗ...


- Тажикстандын Памиринде аскердик кызматыңызды өтөп жүргөн  учурда айрым талаа командирлери менен таанышкан учурлар болдубу?

- Албетте. Ишкашимде атактуу бир талаа командири Фазылбек (фамилиясы эсимде жок) менен көзмө-көз сүйлөшкөнүм эсимен такыр кетпейт. Анын кесиби юрист жана Союздук маанидеги адвокат экен. 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда Пакистанга кетет. Ал жерден атайын даярдыктан өтөт. Ата Мекениние кайтып келген соң Бириккен тажик оппозициясынын (БТО) куралдуу канатына кошулуптур. Кыска убакыттын ичинде ал белгилүү талаа командирине айланат. Аны менен таанышканы атайын бардым. Себеби анын согушкерлери КР тынчтык батальонуна кол салбоо жөнүндө сүйлөшкүм келген. Бирок жетекчиликтен уруксат алган эмесмин. Адегенде аны менен жолугуп сүйлөшкөндө: Мен КР тынчтык орнотуучу батальондун командири болом. Биз Тажикстандагы чыр-чытактарга аралашып, өзүбүздүн тартипти орнотууга келген жокпуз. Сиздердин милдет Ата Мекениңерде кандуу тирешти токтотуп, бири-бириңер менен пикирге келип, тынчтыкты орнотуу. Кыргызстандык чериктер  тажик-ооган чек арасын гана кайтарууга келген. Биз тартипти орнотуп алсак, кандай сонун жетишкендик болмок. Болгону сиздер тараптагы согушкерлер кыргызстандык батальонго кол салбасын деп ага кайрылдым.

Экөөбүз эки саатка жакын сүйлөштүк. Акыры бир пикирге келдик. Чынында эле бул талаа командири абдан билимдүү жана турмуштук тажрыйбасы бай инсан экендигине ынандым. Аны менен сүйлөшүп жаткан учурда үйүндө эч ким жоктой сезилген, тымтырс болчу. Бирок дасторконго отурганда, ага бөлмөнүн бир бурчунан ысык чай жана бир аз убакыттан кийин жаңы демделген ысык палоо алып келгени таң калдырды. Ал менин үйүмдүн астында бир ротага чейин камсыздачу курал-жарак бар деп тамашалады. Жети ай батальонум менен Ишкашимде болдум. Жогорудагы талаа командири сөзүнө туруп, кыргызстандык аскерлерге кол салган жок. 

1997-жылы жайда Кыргызстанга кайттым. 1999-жылы Баткен коогалаңы башталганда гана өлкөнүн жетекчилиги Куралдуу күчтөрү мамлекет үчүн кандай мааниге ээ экенин анча-мынча түшүндү.