Жаңылыктар
Жети райондун акими кызматтан алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Жети райондун акими кызматтан алынды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насировду, Ош облусунун Араван районунун акими Сейтек Кулубаевди, Ноокат районунун акими Жакыпбек Субакожоевди, Баткен облусундагы Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевди, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагуловду, Талас облусунун Манас районунун акими Досмамбет Жээнбеков менен Талас районунун акими Нургазы Нармырзаевди ээлеген кызматтарынан бошотту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 21-февралда "Ынтымак-Ордодо" өткөн президенттин администрациясынын коллегиясынын жыйынтыгында бир катар катаал чечимдер кабыл алынган. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ишин тиешелүү деңгээлде аткарбаганы үчүн жети райондун акимин кызматтан алуу сунушу өлкө башчысынын кароосуна киргизилерин билдирген эле.