Улуттук телерадиоберүү корпорациясында бүгүн "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун жайылтуу, коомго жеткирип - таанытуу маселелери боюнча жыйын өттү.
Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бөлүм башчысы Октябрь Капалбаев улуттук баалуулуктарды жайылтуу багытында УТРК аткарып жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, уңгужолдун маңызы, максаты тууралуу кеңири маалымат берди. Улуттук өзөккө кайтууда салттык негиздерди кайтаруу, ашыкча ысырапкорчулукту алдын алуу, улуттук баалуулуктарыбызды кадырлоо, улуттук иденттүүлүктү бекемдөө маселелеринде унгужолдун маанилүүлүгү айтылды.