Жаңылыктар
50 сомдон 900 сомго чейин - быйылкы садага-битирдин өлчөмү
Кыргызстан жаңылыктары
50 сомдон 900 сомго чейин - быйылкы садага-битирдин өлчөмү

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы садага-битирди берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун тартибин бекитти.

Ага ылайык, садага-битир ар бир адам башына буудай, ун жана мейизден 1 кг. 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3кг. 200 грамм же алардын акчалай баасынын өлчөмүндө берилет.

Муфтият баалардын туруксуздугуна байланыштуу, садака-битирди берген учурда 1 кг. 600 грамм (буудай, ун, мейиз)

же 3 кг. 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууну эскертет.

Садага-битир берүүчү адам төмөндө көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Садага-битирдин өлчөмдөрү төмөнкүдөй (учурдагы баа менен):

буудай — 50 сом (1,6 килограмм);

ун — 80 сом (1,6 килограмм);

мейиз — 750 сом (1,6 килограмм);

арпа — 90 сом (3,2 килограмм);

курма — 900 сом (3,2 килограмм).

 Быйыл Орозо айы 1-мартта башталат.