Жаңылыктар
Мыйзамсыз кирген оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруу баасы бычылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз кирген оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруу баасы бычылды

Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген автоунааны легалдаштыруу баасы ар бир унаа үчүн 100 миң сомго айланат. Бул азырынча болжолдуу баа экенин Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Шералиев бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бардык автоунаалар үчүн бирдей баа коюлат. Автоунаа ээси мындан тышкары мамлекеттик номер жана каттоо күбөлүгү үчүн да төлөшү керек. Ошондо болжол менен баш-аягы 102 миң сом болуп калат.

Бакытбек Шералиев автоунааларды легалдаштыруу боюнча токтом долборуу учурда президенттик администрацияда экенин, март айынын башында кол коюлары күтүлүп жатканын да кошумчалады.

Мыйзамдаштыруу жараяны 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келген унааларга гана тиешелүү.

Президент Садыр Жапаров былтыр 31-декабрда Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келгени айтылып жаткан Абхазиянын, Армениянын жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунааларга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, Министрлер кабинети эки ай ичинде мындай машинелерди каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алууга жана алты айдын ичинде ишке ашырууга тийиш.

Бул жараянда биринчи кезекте документи бар автоунаалар, экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер мыйзамдаштырылат. Ошондой эле документи жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.