Нарын облусундагы жол тейлөө мекемелери 73 жаңы техникалуу болушту.
Мамлекет тарабынан алынган атайын техникаларды бүгүн дубан башчы Алтынбек Эргешов жол тейлөө ишканаларына тапшырды. Алардын арасында асфальт-бетон завод дагы бар. Ал Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 405-чакырымына коюлат.
Облус башчысы мамлекеттин мындай колдоосуна ыраазычылыгын билдирип, жолчуларды жаңы техникалуу болушу менен куттуктоо менен иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле пландалган жолдорду убагында бүтүрүүнү тапшырып, техникаларга этият мамиле кылууга чакырды.
Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Токобаевдин айтуусунда, быйыл облус боюнча 100 чакырымдай жолду жасоо мерчемделип жатат. Мунун ичинде Нарын - Баетов жолунун 46 чакырымы бар. Ошондой эле Нарын шаарынын борбордук көчөсү, ички жолдор, айыл аралык жолдор асфальтталат.
Нарында жалпы автомобиль жолдорунун узундугу 3775 чакырымды түзүп, аны Жол чарба департаментинин Нарын обусундагы №2 аймактык бөлүмү тейлейт. Мунун ичинен транспорт коридорун түзгөн эл аралык маанидеги жолдун узундугу 637 чакырым. 153 чакырымы Жумгал району аркылуу өткөн Түндүк-Түштүк аьтернативдик жолу. Ал эми 1590 чакырымы мамлекеттик маанидеги жол болсо, 1394 чакырымы жергиликтүү маанидеги жол.