Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык, 26-28-февралдарда аба ырайы кескин өзгөрөт.
Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Кээ аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы кескин төмөндөйт:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7 суук, күндүз 0…5
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5 суук, күндүз 1…6
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9 суук, күндүз 0…5
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -2 …+3
- Республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5,
- Тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…-8,
- Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8 суук,
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30, күндүз -7…-12 суук болушу күтүлөт.