Өлкө башчы Садыр Жапаровдун колдоосу менен президенттик фонддон Нарын шаарынын 13 чакырым ички көчөлөрү асфальтталат. Ага 93 млн. 600 миң сом каражат бөлүнгөт. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан маалымдайт.
Мэриянын бөлүм башчысы Акыл Кадыркуловдун айтымында, 39 ички көчөлөр асфальтталат. Бүгүн, 24-февралда тийиштүү мекеме жетекчилери үчүн жыйын өтүп жасала турган көчөлөрдү тактоо, уюштуруу иштерин алып баруу тапшырылып, долбоорду ийгилктүү ишке ашыруу белгиленди.
Ошондой эле быйыл республикалык бюджеттин эсебинен В.Ленин атындагы 9.5 чакырым борбордук жол, 2 чакырым 320 метрди түзгөн Ж.Шералиев атындагы жол толук бүтөт.
Мамлекет башчынын колдоосу менен калаанын инфратүзүмүн жакшыртуу, жол тармагын өнүктүрүү, оңдоо долбоору өткөн жылы башталып, президенттик фонд бөлгөн 133 млн. 408 миң сомго 11 чакырым 89 метр, тактап айтканда 33 ички көчөгө асфальт басылган.