31-мартта Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери жолугушат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн Женевада Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясынын жүрүшүндө билдирди.
Ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим аягына чыкканын, дал ушул маселе боюнча үч өлкөнүн жетекчилеринин тарыхый жолугушуусу Тажикстандын Хожент шаарында болорун кошумчалады.
“Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өткөн жума күнү жетишилген келишим эки өлкөнүн ортосунда көптөн бери келе жаткан маселеге чекит койду. Бул келишим дипломатиянын жана регионалдык кызматташтыктын күчүн далилдейт жана биз муну алдыга жылдырганыбызга сыймыктанабыз. Ушул маанайда быйылкы Орозо айт майрамында, 31-мартта Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери Хожент шаарында үч тараптуу тарыхый жолугушууга чогула турганын кубаныч менен билдирем. Бул жолугушуу Борбор Азиядагы кызматташтыктын, диалогдун жана жалпы гүлдөп-өнүгүүнүн жаңы барагын ачат”, - деди Эдил Байсалов