Жаңылыктар
Массалык башаламандык уюштурууга шектелген 11 адам кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Массалык башаламандык уюштурууга шектелген 11 адам кармалды

Өлкөдө массалык башаламандык уюштурууга шектелген жарандар кармалганын бүгүн Ички иштер министрлигинен билдиришти.

2024-жылдын 20-декабрында “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү нааразы болгон жарандарга массалык башаламандыкты даярдоого жана чакырууга багытталган жолугушууларды байма-бай уюштуруп, өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга жана мүлктөрдү талкалоону көздөгөн акция, митингдерди уюштуруп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (зомбулук көрсөтүү менен коштолуучу массалык башаламандыктарды уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголду.

Натыйжада 2025-жылдын 24-февралында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрүнүн жашаган даректерине тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө далил катары: граната, чолок мылтыктар (обрезы), тапанча жана ок-дарылар, камуфляж кийимдери, атайын бет каптар, баңгизаттар, диний адабияттар, массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча нускамалар, атылбоочу курал-жарактар (холодное оружие), унаа номерлери, уюлдук телефондор, флэш карталар жана башка буюмдар табылган.

Мындан соң ИИМдин Тергөө кызматына төмөндөгү жарандар жеткирилген: 1963-ж.т. У.К., 1956-ж.т. Ч.А., 1983-ж.т. И.К., 1965-ж.т. Н.К., 1969-ж.т. И.Д., 1965-ж.т. Т.Дж., 1967-ж.т. О.И., 1979-ж.т. И.Дж., 1975-ж.т. А.К., 1968-ж.т. У.К., 1961-ж.т. К.Б. Алардын арасында Жогорку Кеңешинин мурунку депутаты дагы бар.

Шектүүлөргө карата тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кылмыш жасаганга шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.