Бүгүн Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин чоң туристтик жолуна арча (можжевельник), ак кайың жана гарнем көчөттөрү тигилди.
Жазгы көчөттөр Eco Pulse экологиялык уюмунун колдоосу менен ишке ашты. Иш-чарага аталган уюмдун Ош жана Баткен облустарынан келген мүчөлөрү, музей комплекстин жетекчиси Медербек Апарханов жана жалпы жамааты, Ош мамлекеттик университетинин студенттери катышты.
Сулайман-Тоо УТАМКсынын жетекчиси Медербек Апарханов өз сөзүндө буга чейин куураган дарактар кыйылгандыктан көчөт тигүү зарылдыгы болгондугун айтты. Ошондой эле жалпы катышуучуларга жооптуу жана сооптуу иш кылып, алыскы райондордон келгендери үчүн ыраазычылык билдирди.
Жетекчилик тигилген көчөттөр Ош шаарынын аба ырайына ылайыкташкандыгын, көчөттөрдү суугаруу тыкыр көзөмөлдөнөрүн билдирди. Ошондой эле иш-чараны уюштурууга салым кошкондугу үчүн Eco Pulse уюмунун жетекчиси Патила Исмаиловага ыраазычылык айтылды.
Иш-чарага жалпысынан 100гө чукул жаран катышып, көчөт отургузуу иштери ийгиликтүү аяктады.