Жаңылыктар
Ошто аскер кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто аскер кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

Коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бүгүн Аскер прокуратурасы жана УКМК тарабынан Ош облусундагы Кара-Суу, Араван жана Өзгөн райондук аскер комиссариаттарындагы кызматтык бөлмөлөрдө тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада шектүү кызмат адамдары кармалды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, тергөө иштеринин жүрүшүндө бул райондук комиссариаттардын кызматкерлери мыйзамсыз жол менен аскердик кызматтан бошотуу үчүн чакырылуучулардан жана алардын жакындарынан системалуу түрдө акча алып келишкени, ошондой эле мобилизациялык резервдин тизмесине катышуучуларды киргизүү үчүн пара талап кылышканы аныкталды.

Кылмыш иштин тергөөсү Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүүдө.