Жаңылыктар
“Кудайберген” базарында өрт чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
“Кудайберген” базарында өрт чыкты

25-февралды караган түнү саат 2:19дар чамасында Бишкектеги П. Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу жана оңдоочу жайдан ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бактыга жараша кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес жана өрттөн жабыркагандар жок. Өрт болжолду 3000 чарчы метрди каптап, жеңил конструкциядагы жанаша жайгашкан контейнерлер күйгөн.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен тилсиз жоо таңкы саат 6:04дө чектөөгө алынып, саат 9:08 толук өчүрүлдү.