Жаңылыктар
Жапон ишкери Ат-Башыда чычырканак өстүрүүгө кызыкдар
Кыргызстан жаңылыктары
Жапон ишкери Ат-Башыда чычырканак өстүрүүгө кызыкдар

Жапониялык ишкер Ат-Башы районуна 100 гектар жерге чычырканак өстүрүүгө кызыкдар болуп, аталган районго келди.

Жапониядагы “Инком” компаниясынын директору Такахара Дайсуке Ат-Башы районунда болуп, район башчысы Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушту. Анда ишкер дүйнө жүзүндө дарылыгы боюнча алдыда турган чычырканак өстүрүү планы бар экенин белгилеп, Ат-Башынын продукциялары буга чейин атайын изилдөөдөн өтүп жактырылганын, экологиялык таза азыктар деп бааланып жатканын баса белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстанда жапон технологиясы менен кайра иштетүүчү завод курулуп жатат. Ал жерде чычырканак кайра иштетилип кургатуу менен улпак түрүндө таңгакталып, чет өлкөгө экспорттолот.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар алдыдагы кызматташтык жемишин берерин белгилешип, 100 гектар жерге чычырканак жемишин плантациялоо боюнча макулдашууга жетишти. Ошондой эле Казыбек айыл өкмөтүнүн Каш-Караташ участогунан 10 гектар, Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн Чекенди-Талаа участогунан 100 гектар жер бөлүп берүү каралып, ал жерлерди барып көрүштү. Учурда чычырканак айдалчу жерлердин топурактары атайын анализге берилүүдө.

Ат-Башы районунун аймагында 10 миң гектарга жакын жерде жапайы чычырканак өсөт. Эки жылдан бери 8 гектарга тикенексиз Алтай чычырканагы, 2 гектарга карагат тигилген. Быйылкы жылы дагы кооперативдер, ишкерлер тарабынан 10 гектардай жерге чычырканак жана карагат отургузуу пландалууда.