Жаңылыктар
Эртең көпчүлүк аймакта кар жаайт
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең көпчүлүк аймакта кар жаайт

26-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…5

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 1…3° болот.