Жаңылыктар
Адылбек Касымалиев Казакстан Өкмөтүнүн санариптештирүү кеңсесине барды
Кыргызстан жаңылыктары
Адылбек Касымалиев Казакстан Өкмөтүнүн санариптештирүү кеңсесине барды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов менен биргеликте Казакстан Өкмөтүнүн санариптештирүү кеңсесине барды. 

Анда тараптар жаңы санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти күнүмдүк жашоого киргизүү маселелерин карашты. Санариптик технологиялар тейлөө кызматтарында, саламаттыкты сактоо, билим берүү, салык, бажы, ишкерлик чөйрөсү сыяктуу бир катар тармактарга киргизилип, жигердүү колдонулуп жаткандыктан бул багыттагы эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. 

Белгилей кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министри жана Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри өз тармактары боюнча эки элдин жарандарына кызмат көрсөтүүдө максималдуу натыйжалуулукту берүү жөнүндө тыгыз иш алып барууну сүйлөштү.