Жаңылыктар
Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
 Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Астана шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан буга чейин жетишилген саясий, соода-экономикалык, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташууну тереңдетүү жана максималдуу ишке ашыруу маселелери каралды. 

Ошондой эле, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы айрым учурда болуп жаткан жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн болтурбай турган электрондук кезек системасын киргизүү, өткөрүлүп жаткан жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка – Бесагаш жана Камышановка – Ак-Суу өткөрүү пункттарын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү. 

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын бакубатчылыгы үчүн жетишилген буга чейинки макулдашууларды ишке ашырууну жана аны бекемдөөнү макулдашты.