Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Казакстандын Астана шаарына болгон расмий сапары аяктады.
Расмий сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен тар жана кеңейтилген курамда жолугушту. Анда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда буга чейин жетишилген маселелерди ишке ашыруу сүйлөшүлдү.
Ошондой эле Кыргызстандын жана Казакстандын өкмөт башчылары "Казакстан Гарыш Сапары" Улуттук космос борборуна, ошондой эле Казакстан өкмөтүнүн санариптештирүү кеңсесине барышты.
Мындан тышкары Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташууну тереңдетүү жана максималдуу ишке ашыруу маселелери каралды.
Эки күндүк бул сапар Адылбек Касымалиевдин Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайылдалгандан бери чет мамлекетке жасаган алгачкы расмий сапары болду.