Бүгүн Баткен облусунун 9 айыл өкмөтүнө эксковатор жана жүк ташуучу атайын техникалар тапшырылды.
Министрлер кабинети менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташтыктын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Баткен жана Талас облустарындагы айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында учурда Баткен облусунун 43 айылын таза суу менен камсыздоо иштери жүзөгө ашырылып жатат.
Техникалар Баткен облусунун ушул долбоорго кирген айылдарындагы таза суу муниципалдык ишканаларынын техникалык базасын чыңдоо жана курулган суу системаларынын туруктуулугун камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында берилди.