Жаңылыктар
Кыргызстан менен Түркия ортосундагы алтын көпүрө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Түркия ортосундагы алтын көпүрө

                                                                   Түркиядагы сынактан төрт сыйлык


Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда алтын көпүрө болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери жыл сайын эл аралык аренада ийгиликтерди жаратып келет. Салтка айланган мындай жетишкендиктердин арасында коммуникация факультеттеринин студенттери дагы бар.  “Айдын Доган” фонду жана Түркия журналисттер коому тарабынан 34-жолу уюштурулган “Жаш журналисттер” кароо-сынагында жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. “Манастын” коммуникация факультетинин студенттери аталган сынакта ийгилик жаратып, факультеттин казынасын дагы 4 сыйлык менен толтурду.



Фотография, кыска метраждуу тасма жана даректүү тасма  категорияларында багындырган ийгиликтер

Коммуникация факультетинин студенттери фотография номинациясында I жана III орунга, кыска метраждуу тасма номинациясы боюнча I орунга жана даректүү тасма номинациясы боюнча үчүнчү орунга татыктуу деп табылды. Фотография номинациясында ат салышкан долбоорлордун ичинен I орунду журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Раяана Мамедованын фотосүрөтү багындырса, III орунду ушул эле бөлүмдүн 4-курсунун студенти Жибек Абдукаимова жеңип алды. Аталган эки долбоорду теӊ факультеттин академиялык кызматкери Фахри Тархан жетектеген. Кыска метраждуу тасма номинациясы боюнча аталган факультеттин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн студенти Айжамал Мирбек баш байгени жеңип алса, даректүү фильм номинациясында ушул эле бөлүмдүн студенти Алтынай Адамалиева III орунга ээ болду. Кыска метраждуу тасма номинациясы боюнча байгелүү орунду багындырган Айжамалдын долбоору бөлүмдүн ага окутуучусу Наргиза Маматкулованын жетекчилиги астында, ал эми даректүү фильм номинациясы боюнча ийгилик жараткан Алтынайдын долбоору ушул эле бөлүмдүн ага окутуучусу Стамбулбек Мамбеталиевдин жетекчилиги астында даярдалган.

Сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 20-февралында Хилтон Стамбул Босфорс (Hilton Istanbul Bosphorus) комплексинде өткөрүлдү. Аземге медиа жана коммуникация дүйнөсүнүн алдыңкы таанымал ысымдары менен катар КТМУнун атынан Коммуникация факультетинин деканы доц., док. Угур Үнал жана студенттердин долбоор кеңешчиси, академиялык кызматкер Фахри Тархан дагы катышты.

Бул жылы сынакка 60 университеттин коммуникация факультеттеринин студенттери медиатект, визуалдык, аудио жана интернет басылмаларын даярдоо сыяктуу көптөгөн тармактар боюнча миңден ашуун долбоорлору менен катышты. Сынакта 14 номинация боюнча сыйлыктар берилди.


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык жана эл  аралык жетишкендиктери

Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) 1995-жылдын 30-сентябрында Түркия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган келишимге ылайык түзүлүп, 1997-1998-окуу жылында билим бере баштаган. Эл аралык сапат стандарттарына ылайык жана акысыз билим берүүнү жүргүзгөн университет академиялык ийгилиги QS жана Times Higher Education сыяктуу көз карандысыз уюмдар тарабынан тастыкталган абройлуу жогорку окуу жайы катары дагы өзгөчөлөнөт.

QS боюнча үч жыл катары менен дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин катарына кирген КТМУ;

• 2025-жылы QS Азияда 230-орунду багындырса,

• QS Борбордук Азияда 10-орунга көтөрүлдү,

• Кыргызстан QS Sustainability рейтингинде лидер боло алды.

QS 4 жылдыздуу университеттеринин арасында орун алган жана QSдин заманбап тил үйрөтүү тармагында дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин катарына кирген “Манас” университети, Times Higher Education Impact Rankings рейтингинде алдыңкы сапта турат жана эл аралык деңгээлдеги бул чоң жетишкендиктери менен Кыргызстанды биринчи жолу дүйнөлүк платформага алып чыккан университет өзүнүн глобалдык деӊгээлде брендин калыптандыруу максатына карай тездик менен илгерилөөдө.

Түрк дүйнөсү үчүн стратегиялык университет

Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарын сактап, өнүктүрүүнү максат кылган маанилүү билим берүү мекемеси. Түрк мамлекеттеринин академиялык жана маданий кызматташтыгын чыңдоо багытында алгылыктуу иштерди жүргүзгөн университет түрк тилин, маданиятын жана тарыхын сактап калууга өзгөчө салым кошууда. Бүтүрүүчүлөрү аркылуу Түрк дүйнөсүнүн бардык жеринде илим, экономика, искусство жана медиа тармактарында жигердүү иштерди аркалап жаткан КТМУ, Түрк дүйнөсүнө таандык баалуулуктарды өздөштүргөн аң-сезимдүү жаш муундарды тарбиялоодо алдыӊкы орунда болуп саналат.

Глобалдык аренада таанылган дипломдор жана кеңири билим  алуу мүмкүнчүлүктөрү

Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) бүтүрүүчүлөрүнө Түркия менен Кыргызстанда жана ошондой эле бул өлкөлөрдүн дипломдору таанылган башка көптөгөн өлкөлөрдө жарактуу болгон диплом берет. Университет студенттерине инновациялык билим берүү технологиялары жана ыкмалары менен билим алган, заман талабына жооп берген, жоопкерчиликтүү адис болуп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Университетте 11 факультет, 1 институт, 1 чет тилдер мектеби жана 1 кесиптик лицей бар.

6, 359 студент менен дайыма өсүү темпинде болгон  академиялык структура

2024-2025-окуу жылына карата КТМУда жалпысынан 6359 студент билим алат. Алардын 814ү (12,80 пайызы) чет өлкөлүк жарандар. Толук эмес жогорку билим берүү, бакалавриат, магистратура жана докторантура программаларында билим берген университет 41 бакалавр, 10 толук эмес жогорку билим берүү, 28 магистратура жана 17 докторантура программасы менен ишин улантууда. Айрыкча докторантурада окуган чет элдик студенттердин көрсөткүчү 48,18 пайызга жетип, КТМУнун эл аралык деӊгээлдеги академиялык мобилдүүлүгүн көрсөтөт.


Бүтүрүүчүлөр дүйнөлүк эмгек рыногунда өз ордун таба алат

Бүгүнкү күнгө чейин 43 өлкөдө жумушка орношкон 13 155 бүтүрүүчүнү даярдаган КТМУ эл аралык масштабда дагы карьералык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. 2023–2024-окуу жылында университетти 877 студент бүтүрсө, мурунку жылдардагы бүтүрүүчүлөрдүн саны 834 менен 989 арасында болгон. Университет бүтүрүүчүлөрүнүн дүйнөлүк эмгек рыногунда  өз ордун табуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү улантууда.

Алдыңкы жана кадыр-барктуу университет болуу концепциясы

Кыргыз-Түрк “Манас” университети (KTMУ) академиялык жана маданий тармактарда кошкон салымы менен Түрк дүйнөсүнө жана дүйнө илимине олуттуу баалуулуктарды кошууну максат кылууда. Профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери менен илим, тарых, искусство, экономика жана спорт сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүүнү максат кылган КТМУ локалдык жана глобалдык деӊгээлдеги алдыңкы университеттердин катарына кирүү үчүн талыкпаган эмгек жасап, алдыга карай ишенимдүү кадам жасоодо.