26-февралдан 27-февралга чейин жааган карга жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, анын ичинде Ала-Бука — Жаны-Базар — Киров унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу); Красная-Горка — Акташ жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.