Ысык-Атада мектеп окуучусу асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, 24-февраль күнү 08:00дөр чамасында райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө саат Буденовка айылындагы үйлөрдүн биринин короосунда 2008-жылы туулган бала асынып, өз жанын кыйганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факты Ысык-Ата райондук ИИБне катталып, иликтөө иштерди башталды.Милиция кызматкерлери анын денесинен эч кандай күч колдонуу жана зордук-зомбулуктун белгилерин табышкан эмес. Окуучунун өз жанын кыюунун себеби такталууда. Керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.