Жыл башынан бери өлкөдө 813 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 111 жаран ар кандай жаракаттарды алса, 60тан ашык жаран каза болгон. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Ошол эле учурда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактысы жол кырсыктарынын дээрлик 38 пайызын түзгөн.
2023-жылдын 8-мартынан тарта бүгүнкү күнгө чейин мас абалында унаа бакшарганы үчүн 17 928 айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылган.
Учурда жаңы мыйзам долбоору даярдалууда. Ага ылайык, эми мас абалында унаа башкаргандарды мурдагыдай бир эмес, эки жылга машина айдоо укугунан ажыратуу каралууда. ИИМ сунуштап жаткан бул долбоордо эгер жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан кайталап ичип алып, транспорт каражаттарын башкара турган болсо 4 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратып, 20 күн камакка алуу сунушталууда. Айдоочу наркологияга текшерүүгө баруудан баш тарткан учурда да эки жылга чейин рулга отура албайт.
Буга чейин Кыргызстанда мас айдоочуларга 17 500 сом айып пул салуу жазасы бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу менен алмашылган эле.