Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, КФБнын президенти Камчыбек Ташиев бүгүн Баткен шаарында он миң кишиге ылайыкталган стадиондун курулушуна старт берип, мезгил кутусун салды.
Иш-чарага Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов баштаган жетекчилер, футболчулар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Стадион курулчу жердин жалпы аянты 10 гектар. Бул аянт футбол аренасынан сырткары үч машыгуу оюн талаасын жана төрт кичи футбол аянтчаларын камтып, алардын жанында кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү да болот. Стадион жарык берүүчү жабдыктар менен жабдылып, кечкисин да футболдук беттештерди өткөрүүгө шарт түзүлөт.
Стадиондун аймагында профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси курулат. Футбол ордосуна 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай да курулат.
Мындай футболдук ири инфратүзүм Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Баткен аймагында алгачкы жолу ишке ашууда.
Стадион курулуп бүтсө облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш чараларды өткөрүүгө мыкты шарт түзүлөт.
Бул иш аракеттер өлкө президентинин «2024 - 2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында ишке ашууда.