Талас шаардык мэриясы аттракциондорду орнотуу үчүн Кытай компаниялары менен келишимдерди түзгөн. Ага ылайык, жалпы 8 аттракцион жабдыктары менен алынып, Талас шаарына жеткирилди.
Аларды орнотуу иштери жаз айларынын башында башталат. Адистер тарабынан коопсуздук эрежелерине ылайык монтаждоо иштери жүргүзүлөт. Орнотууаяктагандан кийин техникалык сыноолор өткөрүлүп, андан соң аттракциондор шаар тургундарына жана конокторуна пайдаланууга берилет.
Бул аттракциондордун орнотулушу Талас шаарындагы эс алуу жайларын жакшыртып, туризмдин өнүгүшүнө да салым кошмокчу.