Жаңылыктар
УТРКнын башкы директору Россия Федерациясынын элчиси менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
УТРКнын башкы директору Россия Федерациясынын элчиси менен жолугушту

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаев 19-февралда Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзгөн тармактар тууралуу талкуулашты.

Болотбек Тиллебаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясы Россия Федерациясы менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин жана Россиянын телерадиоберүү уюмдары менен кызматташуунун келечегин жогору баалай турганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Сергей Вакунов элчилик УТРК менен Россия Федерациясынын алдыңкы медиа мекемелеринин ортосундагы өз ара байланышты түзүүгө жана бекемдөөгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушууда Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата бир катар даректүү жана көркөм тасмаларды тапшырды.

9-май - жеңиш күнүн утурлай УТРК кабыл алган тасмаларды көрсөтө баштайт.