Жаңылыктар
Нарында 1-2 сантиметр кар жаады, жолдор көзөмөлдө
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында 1-2 сантиметр кар жаады, жолдор көзөмөлдө

Нарын облусунун аймагындагы ашуу белдер жана унаа жолдор жолчулардын көзөмөлүндө.

Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн кабарлашкандай, жол тейлөө мекемелеринде кезмет уюштурулуп, унаа жолдордун тайгак тилкелеринде кум-шагыл аралашмасы чачылды.

Маалыматка караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун ашуу белдеринде, Долон ашуусунда 1, Оттук капчыгайында 1-2, Кызыл-Бел ашуусунда 1, Чар участкасында 1, Нарын-Орук-Там унаа жолунда 1-2 сантиметрге чейин кар жааган.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Ак-Бейит, Түз-Бел ашууларынын тайгак тилкелерине кум шагыл аралашмасы чачылып, ар бир жол тейлөө ишканаларында кезмет уюштурулган.