Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери биргелешкен жыйын өткөрүп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүн келишиминин долбоорун жактырды. Бул долбоорго чек ара жөнүндө келишим, автожолдор жана суу чарба тармактары боюнча макулдашуу болуп, жалпысынан 3 документ камтылган. Жыйын ачык өтүп, анда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.