“Ак-Тилек” жана “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде мобилдик кеңселердин ачылуу аземинде Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрагасы Э. Калдарбеков жана анын орун басарлары сөз сүйлөп, мобилдик кеңселердин ишке кириши кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана иштин натыйжалуулугун арттырууга чоң салым кошорун белгилешти.
Компаниянын жетекчилиги жаңы мобилдик кеңселер чет элдик жарандар үчүн камсыздандыруу процессин жеңилдетерин баса белгиледи.
Эми чек арадан өткөн айдоочулар унааларын дароо ошол жерден камсыздандыра алышат – бул ыкчам, ыңгайлуу жана кошумча кечигүүлөрсүз жүргүзүлөт. Бул жаңылык өтө маанилүү, анткени дал чек арада айдоочулар камсыздандыруу пункттарын эң көп издей турган учурлар болот. Мобилдик кеңселердин ишке кириши камсыздандыруу полисин алуу процессин мүмкүн болушунча жеңилдетип, жарандар үчүн ыңгайлуулукту гана эмес, жол коопсуздугун да камсыз кылат.
Мобилдик кеңселердин ачылышы – «ГСО» ААК тарабынан сервиске жана модернизацияга жасалган дагы бир кадам. Бул кыргызстандыктарга жана өлкөгө келген меймандарга ыңгайлуу жана ишенимдүү шарттарды түзүүгө багытталган.