Жаңылыктар
Чүй филиалы: Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жаңы кеңсеси ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй филиалы: Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жаңы кеңсеси ачылды

27-февралда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Чүй филиалы салтанаттуу түрдө ачылды. Бул маанилүү окуя аймактагы камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүдө чоң кадам болуп, Чүй облусунун тургундарына жана ишкерлерине финансылык коргоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.

Ачылыш аземине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунунтөрагасы Калдарбеков Элдияр Султанович, өлкөнүн бардык облустарындагы филиал жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана ишкерлер катышты. Алар өз сөздөрүндө заманбап экономикалык жана климаттык чакырыктар шартында жеткиликтүү жана сапаттуу камсыздандыруу кызматтарынын маанилүүлүгүн баса белгилешти. Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө мыкты кызматкерлердин жетишкендиктери белгиленип, аларга ыраазычылык билдирилди.

Чүй филиалы жарандаргажана ишкерлерге төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

 - Милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруупрограммалары
 -Жаратылыш кырсыктарынан жана өзгөчө кырдаалдарданкоргоо
 - Ыңгайлуу жана тез кызмат көрсөтүү, документтердитариздөө боюнча консультациялар

Жаңы филиалдын ачылышыкамсыздандыруу кызматтарын аймактын жашоочуларына жакындатып, тейлөө сапатынжогорулатууга багытталган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму өлкө боюнча өзтармагын кеңейтип, финансылык коргоону ар бир жаранга жеткиликтүү кылуунуулантууда.

Филиалдын дареги: Бишкек ш.,Абай көч. 40