Жаңылыктар
Баткен шаарынын башчысы алмашты
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен шаарынын башчысы алмашты

Президент Садыр Жапаров Темирболот Абыкеевди Баткен шаарынын мэрлигине дайындаган тескемеге кол койгонун бүгүн өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. 

Президенттин башка тескемелерине ылайык, Баткен шаарынын буга чейинки мэри Имамназар Бурканов бул кызматтан бошоп, Чүйдүн Жайыл районунун акими болуп дайындалды.

Баткен мэрлигине жаңы дайындалган Темирболот Абыкеев буга чейин Нарын облусунда айыл өкмөт башчы, Оштун Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда аким болуп иштеген.