Жаңылыктар
Үч районго жаңы акимдер дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Үч районго жаңы акимдер дайындалды

Президент Садыр Жапаров бир катар райондорго жаңы акимдерди дайындады. 

Өлкө башчысынын басма сөз кызматынан бүгүн билдиргенге караганда, Президент кол койгон тескемелерге ылайык, Данир Иманалиев Баткен облусунун Баткен районунун, Данияр Эркимбаев Ош облусунун Араван районунун, Имамназар Бурканов Чүй облусунун Жайыл районуүнун акими болуп дайындалды.