Жаңылыктар
Каракол-Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол-Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп,жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Азыркы тапта №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкү жолдун 82-чакырымына түшкөн, жабыркагандар жок. Учурда Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда катуу бороон болууда.

Транспорт министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.