Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары бирикти
Саясат
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары бирикти

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана саясатчы Адахан Мадумаров бүгүн журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүшүп, мындан ары бирге аракеттенүү үчүн биригүү чечимин кабыл алышканын жарыялашты. Мадумаровдун айтымында алар келечекте күчтүү партия түзүүнү каалап жатышат. 

Ал эми Камчыбек Ташиев үчөөнүн ичинен бирөөсү 2017-жылдагы президенттик шайлоого барарын билдирди. 

Мындан сырткары алар маалымат жыйында айрым саясатчыларды сындап, журналисттерге болгон таарынычтарын айтып, ага катар өлкөнү өнүктүрө турган олуттуу пландары бар экенин белгилей кетишти.