4-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2
- Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2
- Баткенде түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5
- Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…+9, күндүз 0…+5
- Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2
- Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5
- Бишкек шаарында түнкүсүн -5…-7°, күндүз -1…+1° болот.