Жаңылыктар
Япония Кыргызстанга 12 гемодиализ аппаратын белек кылат
Ден соолук
Япония Кыргызстанга 12 гемодиализ аппаратын белек кылат

Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдагандай, Япониянын «Токошилкай» медициналык борбору гуманитардык жардам катары Кыргызстанга «Nipro» заводунан 12 гемодиализ аппаратын жөнөтөт. 

Бул туурасында министр Талантбек Батыралиев менен JICA уюмунун кеңешчиси Кумакири Ичиро жана кыргыз-япон ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуу учурунда маалым болду. 

Батыралиев гемодиализ аппапартында иштөө үчүн атайын окуудан өткөн билимдүү адистер керек экендигин белгиледи. Тараптар тейлөө жана адистерди окутуу боюнча долбоорлорду жана Кыргызстанда япон медициналык клиникаларын ачуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.