Жаңылыктар
Өрт кырсыгы коопсуздук эрежелерди сактабагандыктан чыгат
Кырсык
Өрт кырсыгы коопсуздук эрежелерди сактабагандыктан чыгат

29-ноябрда борбор калаадагы 7-кичи районунда чыккан өрт “Түштүк ковчеги” чиркөөсү жана “Рефал” менчик мектеби өрт коопсуздугу эрежелерин сактабагандыгынан улам келип чыккан. 

Бул тууралуу ӨКМдин Мамлекеттик өрткө каршы кызматы агенттигинин директору  Нуржан Осмоналиев маалымат жыйында билдирди. Маалыматка ылайык тилсиз жоо жалпы 1800 чарчы метр аянтты күйгүзгөн. Ал арада социалдык тармактарда жарандар өз каражатына өрт өчүрүүчү тик учак алууну демилгелеп баштады. 

Маалыматка ылайык, өлкөдө жыл башынан бери 3 миңден ашуун өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоо 53 адамдын өмүрүн алган. Ал эми өрттөн 424 миллион сом материалдык чыгым болгон. Өрттүн чыгуу себептери 39 пайызы өрткө этият мамиле жасабоодон улам болсо, 28 пайызы электр жабдыктарын колдонуу эрежелерин бузулушунан болгон. Ал эми чыккан өрттөрдүн 11 пайызы балдардын ээн башытыгынан улам ишке ашкан.  

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"