Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда бүгүн таңкы саат 7де жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, чектөө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу киргизилген.
Учурда №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолдогу карды тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштерин аткарышууда.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.