Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир күндүк иш сапары менен Тажикстанга барды.
Аэропорттон жогорку даражалуу мейманды Тажикстандын премьер-министринин орун басары Зиезода Сулаймон тосуп алды.
Сапардын алкагында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөр пландаштырылган.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланат.
Мындан тышкары, сапардын алкагында Тажикстандын гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Рогун ГЭСине баруу каралган.