Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев жардам сурап кайрылган муктаж үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батир берди
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев жардам сурап кайрылган муктаж үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батир берди

Бүгүн, 4-мартта, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев муктаж болгон үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

17-февралда 1990-жылы туулган Махратбек кызы Канышай аттуу жаран УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ал бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенин, тагыраагы көзүнүн көрүүсү начар экенин, ажырашып кеткенин жана үч баланы жалгыз тарбиялап жатканын, ошондой эле улуу кызы да бала кезинен майып экенин, Бишкектеги угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдардын мектеп- интернатында окуп жатканын билдирген.

Махратбек кызынын туруктуу жумушу жок жана батирде жашачу. Ал кайрымдуу жарандар тарабынан үй-бүлөсүн багууга, дарыланууга көмөктөшүү максатында кайрымдуулук уюмдарына кайрылып келген. 

Буга чейин алар турак жай маселесине байланыштуу да жардам сурап кайрылышкан, бирок натыйжа болгон эмес.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев К.Махратбек кызынын муктаж үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты.

Өз кезегинде К.Махратбек кызы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге турак-жай менен камсыз кылууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.