Жаңылыктар
Ташиев,Мадумаров,Келдибеков: ”эми ажырашпайбыз”
Саясат
Ташиев,Мадумаров,Келдибеков: ”эми ажырашпайбыз”

"Бабановдон чыккан Ташиевге Мадумаров менен Келдибеков баш кошту.”Эми ажырашпайбыз” дешти деген тема менен "Политклиника" жаңы санын ачты. Кечээ күнү расмий билдирүү менен чыккан үч саясатчынын маалымат жыйынында айткандарын толугу менен баскан бул макала “үчөө бириккени менен принципиалдуу маселелер боюнча орток пикирлери жок экени белгилүү болду.  Мисалга алсак, президенттик шайлоого барабыз деп айтышканы менен, кимди чыгарарын айта алышпады. Конституциялык реформалар боюнча дагы, президентке импичмент жарыялоо маселесинде дагы үчөө үч башка пикирде экенине күбө болдук. Кокусунан эртең бул парламент таркап кетсе, шайлоого аттануу керек болот деп шашылыш эле чыга койгондой  элес калтырат. Кечээ эле Бабанов менен ажырашкан Ташиев, Келдибеков, Мадумаровдор биригип, эми ашырашпайбыз деп отурушат. Саясатчылардын бири-бири менен биригип, кайра бат ажырашып кеткендери кадимки көрүнүшкө айлангандай деп жазат.Толук текст менен таанышам десеңиз, бүгүнкү "Политклиниканы"  карап алыңыз. Кененирээк аудиодо баяндалат.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"