Учурда өлкө аймактарында 19 чакан ГЭСти куруу аракеттери көрүлүүдө. Алардын бардыгын жылдын аягына чейин куруп бүтүп, пайдаланууга берүү пландалып жатканын "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Мамбеталиев бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 19 чакан ГЭС төмөнкү аймактарда курулат: Лейлек районунда “Лейлек” ГЭСи, Кадамжай районунда “Кожокайыр” 0,3 мегаваттык ГЭСи, Алай районунда “Алай” 4,4 мегаваттык гидроГЭСи, Кара-Кулжа районунда “Бугай”, ГЭСи жана “Көндүк” ГЭСи, Кара-Суу районунда “Адыл-Уңгур” 0,85 мегаваттык ГЭСи, Токтогул районунда “Авлетим” ГЭСи жана “Кара-жыгач” ГЭСи, Бакай-Ата районунда “Ленинполь” ГЭСи, Москва районунда “Санарип”, Ысык-Ата районунда “Ысык-Ата-2” жана “Аманат”, Чүй районунда “Шамшы”, “Кең-Төр”, “Карагай-Булак-1” жана “Карагай-Булак-2”, Сокулук районунда “Сокулук-3”, “Туюк”, Ак-Суу районунда “Бозучук” ГЭСтери курулат.
Учурда республикада 30дан ашык чакан ГЭС бар. 2024-жылы 8 чакан ГЭС ишке берилген. “Бул чакан ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 63,9 мегаватт болот. Бул электр энергиясын өндүрүүгө жакшы салым”,- дейт Таалайбек Мамбеталиев
Чакан ГЭСтерди курууга 2021-жылдан бери өзгөчө көңүл бурулуп келүүдө. Негизги максат жарандарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камыздоого багытталган. Буга чейин адистер өлкөдөгү дарыяларга 100 чакан ГЭС курууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдиришкен.