Жаңылыктар
Баткенден Жети-Өгүзгө «Придон» породасындагы улактар алып келинди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенден Жети-Өгүзгө «Придон» породасындагы улактар алып келинди

Баткен облусунан Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна «Придон» породасындагы улактар алып келинди. Бул эчкилердин жүнү тыбыттуу келип, суроо-талап жогору болууда.

Эгерде эчкилер Ысык-Көлдүн климатына көнүп, жакшы багыла турган болсо, анда бир эчкиден 450-500 граммга чейин тыбыт алууга болот.

Азыркы учурда 200 баш эчки Жети-Өгүз айыл аймагынын муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлдү. Чарба быйыл июнь айларында Кумтөрдүн тегерегиндеги Ак-Таш жайлоосуна чыгарылат. Андан ары бул эчкилер Ак-Шыйракта багылат. Эчкилер Ак-Шыйрак, Сырт өрөөндөрүндө багылышынын да жөнү бар. Анткени алардын санын артыруу менен жүнүн түз эле Кытайга экспортко чыгаруу жагы каралган. Ал арада дал ушул аймактагы кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пункту ачылганы коңшу мамлекет менен соода алака кыйла жеңилдеген.

Асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаментине караштуу «Оргочор» кой заводунда азыркы тапта миңге жакын уяң жүндүү меринос койлору багылат. Аталган чарба эми минтип тыбыттуу эчкилерди багып, санын көбөйтүүгө бел байлаган. Бул эчкинин тыбытынан кашемир алынып, ал дүйнөлук рынокто кымбат бааланат.