Өткөн айдын 27синде террорчулукка каршы операциянын алкагында УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жашыруун террористтик уюмдун 30 жактоочусу кармалганын УКМКнын маалымат кызматынан бүгүн билдиришти. Маалыматта алардын иш-аракети чет өлкөлүк ЭТУ борборлору тарабынан координацияланганы айтылат.
Аталган уюмдун мүчөлөрү системалуу түрдө жашыруун жыйындарды өткөрүп, анда радикалдык идеологияны үгүттөп, террористтик ишти каржылоо үчүн акча каражаттарын чогултуп турушкан.
Аталган радикалдык топтун негизги максаты Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнө каршы "жихад" жасоо, ошондой эле өлкө аткаминерлерине, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата теракцияларды пландаштыруу экендиги аныкталып, топтун мүчөлөрүнүн биринен колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча видео нускама алынды. Тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК террористтик жана экстремисттик ишке катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип, коомчулукту сак болууга, радикалдуу жана экстремисттик идеологияга кабылбоого чакырат.