Жаңылыктар
Ханой шаарында Адылбек Касымалиев менен Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тиндин жолугушуусунун расмий аземи болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ханой шаарында Адылбек Касымалиев менен Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тиндин жолугушуусунун расмий аземи болду

Вьетнамдын Ханой шаарында Президенттик сарайында өлкөгө расмий сапар менен келген Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушуусунун расмий аземи болуп өттү.

Эки өлкөнүн улуттук гимндери жаңырды. Өкмөт башчылары ардактуу кароолду кыдырып, бири-бирине расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тинь менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушуунун алдында делегация башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүү аземи болуп өттү.