Токмок шаардык салык кызматынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча мурдагы башчысы Н.М.М., киреше боюнча бөлүм башчысы О.Э.Б., салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы З.Б.З. жана жеке ишкер М.Р.С. кармалды.
Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча кызматкерлери жеке ишкер Х.А.Х.нын тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында бир бүтүмгө келип алышып, мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтарды атайылап бурмалашкан. Алар республикалык бюджетке 8 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Бул сумма мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө да көбөйүшү мүмкүн.
2025-жылдын 3-мартында бул адамдар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы ЖАКнын №1 тергөө камак жайына киргизилген. Азыркы тапта ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.