Жаңылыктар
Ашууларда жана тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ашууларда жана тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

7-10-март аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кооптуу аймактардын тизмеси:

Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу), 198-260-чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымы (Өтмөк ашуусу);

Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымы (Чапчыма ашуусу), Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-4-чакырымы;

Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымы;

Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунун 160-179-чакырымы (Талдык ашуусу);

Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 98-145-чакырымдарында (Кара-Кыя, Кулчу, Батман-Көл, Алыш-Сай тилкелери);

Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымы (Чоң-Ашуу);

Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу).

«Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл», — деп эскертти министрлик.