Жаңылыктар
Чек арадагы Достук айылынын эли көчүүчү жер аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арадагы Достук айылынын эли көчүүчү жер аныкталды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Баткен районунун Достук айылынын эли менен жолукканын бүгүн облустук бийликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда айыл элин кайсы жерге көчүрүү маселеси каралып, натыйжада элдин макулдугу менен достуктуктарды Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак деген жерге көчүрүү чечими кабыл алынды. Бул жер Баткен шаарынын аймагы менен чектешет.

Ал жерде Достук айылында калган ар бир үйдүн ээсине берилген беш сотыхтан жер тилкесине мамлекет тарабынан бардык шарты менен турак үй курулуп берилет. Жалпы 71үй курулат.

Мындан сырткары мамлекеттик актысы бар жер тилке ээлерине да беш сотыхтан турак жай салуу үчүн жер тилкеси берилет.

Ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлери үчүн Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы 9 гектар жер бөлүнүп берилет.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процессинин жыйынтыгы менен Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өткөнү жатат. Ага ылайык айыл эли башка аймакка көчүрүлүүдө.