Жаңылыктар
Нарында жазгы талаа иштерине даярдык кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында жазгы талаа иштерине даярдык кандай?

Теңир-Тоодо жазгы талаа иштеринин жүрүшүнө даярдык көрүү жана аны өз убагында  бүтүрүү боюнча дубан башчынын буйругу менен облустук штаб түзүлүп, айдап себүү жумуштарына аракеттер башталды.

Нарын облусунда айдап - себүү иштери 15-20-апрелден башталат. Быйыл жалпы 44 миң 45 гектар жер айдоо пландалып жатат.

Жазгы талаа жумуштарына жалпы 6954 тонна айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү, минералдык, органикалык жер семирткичтерден 18849 тонна, күйүүчү-майлоочу майдан  1765,6 тонна керектелет. Ал эми облустагы 1998 айыл чарба техникаларынын ичинен 1485и жарактуу, ал эми калганын оңдоо же жаңы техника менен толуктоо иштери жүрүүдө.

Айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоодо Суу чарба башкармалыгынын тейлөөсүндө жалпы 754 чакырым чарбалык каналдын 44 чакырымында, айыл өкмөттөрдүн балансындагы каналдардын 1203  чакырымында жаз алды менен тазалоо иштери башталат.

Маалымат үчүн белгилесек, күзгү ным топтоо мезгилинде жалпы 18 миң 500 гектар жер сугарылган. Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу боюнча капиталдык салымдар беренеси аркылуу 61 млн. 182 миң сом каржыланып, 268,5 гектар жерге  жаз айларында системаны орнотуу иштери башталат.