Жаңылыктар
Таластагы 6 айыл өкмөткө айыл чарба техникалары тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Таластагы 6 айыл өкмөткө айыл чарба техникалары тапшырылды

Бүгүн “Баткен жана Талас облустарындагы айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Таластагы 6 айыл өкмөткө экскаватор-жүктөгүчтөр жана кичи жүк ташуучу техникалар тапшырылды.

 Иш-чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” департаментинин Талас облусундагы өкүлү, АРИСтин кызматкерлери жана айыл аймактардын башчылары катышты.

Техникалар  долбоорго кирген Кеӊ-Кол, Беш-Таш, Биримдик, Шекер, Кыргызстан жана Үч-Коргон айыл аймактарына суу системаларынын туруктуулугун камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында берилди.

Аталган долбоор Министрлер кабинети менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташтыктын натыйжасында, КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылууда.